Бишкекте эки жеңил унаа жана троллейбус кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр

Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгы тийиштүү аралыкты сактабагандыктан болгон
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкектеги Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (көпүрөнүн алды) эки жеңил унаа жана троллейбус кагышты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-февралда саат 9:30дар чамасында Абдрахманов көчөсү менен түндүктү көздөй Audi-100 үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан 31 жаштагы киши алдыда кетип бараткан троллейбусту сүзгөн. Андан кийин күү менен барып Hyundai Click автоунаасына урунган.

1 / 3
Бишкектеги Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (көпүрөнүн алды) эки жеңил унаа жана троллейбус кагышты.
2 / 3
13-февралда саат 9:30дар чамасында Абдрахманов көчөсү менен түндүктү көздөй Audi-100 үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан 31 жаштагы киши алдыда кетип бараткан троллейбусту сүзгөн.
3 / 3
Андан кийин күү менен барып Hyundai Click автоунаасына урунган.

Кырсыктын кесепетинен Hyundai Click автоунаасынын эки жүргүнчүсү жаракат алып, тез жардам кызматына берилген.

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.