Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышып бир айдоочу мерт болду

Экинчи унаада бараткан беш киши эч кандай жаракат алган эмес
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 64-чакырымында Daewoo Nexia менен Honda Odyssey унаалары кагышып бир адам каза болду. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Бишкекте унаа коюп кеткен аял каза таап, колундагы бөбөк ооруканага түштү
Жол кырсыгынын кесепетинен 37 жаштагы Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу мүрт кеткен. ӨКМдин №22 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми Honda Odyssey унаасында бараткан беш киши эч кандай жаракат алган эмес.

Өткөн ишембиде Аксы районунда милиция кызматкери унаасы менен төрт мугалимди коюп кетип экөө каза болгон. Кырсыктын чоо-жайы белгилүү болгон.