Баласын депкир менен сабаган келиндин сурак берүү учуру. Видео

Депкир менен сабалып комага түшүп көз жумган баланын апасы журналисттерге мындай кадамга барууга эмне себеп болгонун айтып берди.
Sputnik

Бишкекте унаа коюп кеткен аял каза таап, колундагы бөбөк ооруканага түштү
Учурда Жалал-Абаддагы тергөө абагында камакта жаткан аял баласын депкир менен башка катуу уруп алганын билдирген.

Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында бала өзүнө келбей каза болгон. Анын сөөгүн туугандары алуудан баш тарткандыктан соцкызматкерлер жерге берген.

"Жолдошум менен ажырашып кеткем. Ошко жакында эле келип, эжем менен жашап жаткам. Эч жерде иштебейм. Балам сийип коюптур, ошого депкир менен урган элем. Башына катуу тийип калыптыр, эси ооп жыгылып калды. Эжем экөөбүз ооруканага алып бардык", — деди маркум ымыркайдын энеси.

Ал буга чейин баласын мынча катуу урбаганын айтып, кылган ишине өкүнүп жатканын кошумчалады.

Наристе чарчап калгандан кийин энесине коюлган айып өзгөрүлүп, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча соттолмой болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жакындары тарабынан кордолгон бөбөктөр тууралуу материал даярдады.