Бишкектеги бала бакчанын тепкичинен кулаган бөбөк ооруканага түштү

Окуя бүгүн эртең менен болгон
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №73 бала бакчадан эртең менен 5 жаштагы бала бийиктиктен кулап кетти деп билдирүү түшкөнүн Тез жардам кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, аталган бала бакчанын тарбиячысы саат 10:15те Тез жардам кызматына кайрылган.

"Чакыруу боюнча бригада чыгып кеткен", — деп Тез жардам кызматынан билдиришти.

Бала менен энеге кандай медициналык жардам берилип жатат. Министрликтин жообу
Жабыркаган бала №3 шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков баланын абалы учурда туруктуу экенин айтты.

"5 жаштагы бөбөк бала бакчанын экинчи кабатынын тепкичинен кулап, мээси чайкалып калган. Учурда абалы туруктуу", — деди Өмүрбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары бөбөк бала бакчанын экинчи кабатынан кулап кетти деп жазышкан болчу.