Радио

Икрамов: негизсиз сын айткандарды айыпка жыгуу сөз эркиндигин чектөө эмес

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов ушак сөздөрдү таратууга чектөө коюш керек экендигин айтты
Sputnik
Икрамов: негизсиз сын айткандарды айыпка жыгуу сөз эркиндигин чектөө эмес

Негизсиз сын айткандарды айыпка жыгуу сөз эркиндигин чектөө эмес. Бул тууралуу Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, интернетте негизсиз сын пикир айткандарга 20 миң сом айып салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталууда.

"Журналисттер сөздүн маңызын бурмалабай туура чыгарса жакшы болмок да. Бул жерде сөз эркиндигине чектөө болгон жок. Ушак, адамдын беделине шек келтирген маалыматтарды таратуу туура эмес. Факт менен жазыш керек. Мында жалган маалыматтарды тараткандар жоопко тартылсын деп жатат. Бул туура эле", — деди Икрамов.

Эл өкүлү мыйзам долбоору жоопкерчиликти күчөтөрүн кошумчалады.