Олимпиадага келген түндүк кореялык күйөрмандар спортчуларын өзгөчө сүрөөдө. Видео

Атайын тандалган чирлидер-кыздар мурдатан даярдалган музыкалык-хореографиялык номерлерди аткарышкан
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түндүк Кореядан Олимпиада оюндарына келген күйөрмандар өз командасын өзгөчө ыкма менен сүрөп, башкалардын таң калтырганын Washington Post басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, команданы колдоо үчүн өкмөт тарабынан чирлидер-кыздар атайын тандалган. Трибунадан алар мурдатан даярдалган музыкалык-хореографиялык номерлерди аткарып, элдин көңүлүн бурушкан.

Басылма Түндүк Корея дал ушундай жол менен "өзүнүн күчүн, ишенимдүүлүгүн жана режимдин туруктуулугун" далилдегиси келип жатат деп белгиледи.

​Чирлидер-кыздардын видеосу социалдык тармакта тездик менен жайылууда. Окшош кызыл кийим кийген кыздар ырларды чогуу аткарып, аны кол чабуу жана бий менен коштогон.

​Ал эми кыска-трек таймашында кыздар хор ырдап залдагылардын көңүлүн бурган.

​Чирлидер-кыздар командасы утулуп калганына карабай аларды сүрөп турушту. Кыздар арасындагы хоккей боюнча мелдеште Швейцарияга 0:8 эсебинде утулуп калганына карабай спортчуларга колдоо көрсөтүшкөн. Алар "Бирдиктүү Корея", "Алдыга, жеңишке жетебиз!" деп кыйкыруудан чарчаган эмес.

​Кыздар керек болсо муз аянтачасында эч ким жок болгон учурда да ырдаганы айтылат.

​Бул Олимпиадага келген элди таң калтырган биринчи учур эмес. Оюндун ачылышында кыргызстандык спортчулардын ак калпагы да көпчүлүктү тамшанткан.