Бишкекте машина коюп кеткен "Тазалыктын" кызматкери көз жумду

Күбөлөрдүн айтымында, аял жолдун жээгин шыпырып жаткан
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкектеги Байтик баатыр менен Түштүк магистралдын кесилишинде көчө шыпырып жүргөн адамды машина коюп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымында, кырсык дүйшөмбү күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында болгон.

"Катуу келе жаткан машина жолдун четин шыпырып жүргөн аялды коюп кетти. Ал кызгылт сары күрмө кийип жүргөн", — деди күбө.

Аксыда каза болгон 30 жаштагы эки мугалимдин артында төрт бала калды
Бишкек милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Honda Elysion автоунаасын айдап бараткан 44 жаштагы тургун Түштүк магистраль менен чыгышты көздөй кетип баратып, 60 жаштагы аялды коюп кеткен. Айдоочу мас эместигин наркологиялык кароо тастыктады", — деп милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, аял тез жардам унаасы менен ооруканага баратканда жолдон үзүлгөн. Автоунаа атайын короого токтотулуп, тергөө жүрүүдө.