Мектеп лигасында өзгөчөлөнгөн футболчу Россияда өтө турган дүйнө биринчилигин көрүүгө барат. Бул тууралуу Ырысбек Мааткабылов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чаранын алкагында окуучулар спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.
"Былтыр мектеп лигасындагы жеңүүчүлөрдү Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келдик. Мындан сырткары, футбол турниринде көп гол киргизип, мыкты оюн көргөзгөн балабызды Санкт-Петербург шаарындагы Конфедерация кубогуна алып бардык. Быйыл өзгөчөлөнгөн оюнчуну футбол боюнча дүйнө биринчилигинин финалын көрсөтүүгө алып барабыз", — деди Мааткабылов.
Ал мектеп лигасына Бишкек шаарындагы 95 мектеп катышып жатканын кошумчалады.