Радио

Турусбеков: окуучуларга жер титирегенде эмне кылуу керектигин үйрөтүп жатабыз

БУУнун Балдар фондусунун жакырчылыктын тобокелдигин азайтуу боюнча бөлүмүнүн адиси Эсен Турусбеков аталган долбоорго 10 мектеп катышып жатканын айтты.
Sputnik
Турусбеков: окуучуларга жер титирегенде эмне кылуу керектигин үйрөтүп жатабыз

Окуучуларга жер титирөө учурунда эмне кылуу керектигин үйрөтүп жатабыз. Бул тууралуу Эсен Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адистер практикалык иштерге көп көңүл бурууда.

"Учурда мектептеги коопсуздук маселеси боюнча эки багытта иштеп жатабыз. Биринчиси — имараттын сейсмикалык туруктуулугуна көңүл бурулса, экинчиси — өзгөчө кырдаалдар учурундагы окуучулардын кыймыл-аракеттери. Тагыраагы жер титирөө, өрт учурунда окуучуларга эмне кылуу керектигин практика жүзүндө көрсөтүп жатабыз", — деди Турусбеков.

Ал аталган долбоордун алкагында өлкө боюнча 10 мектеп тандалганын кошумчалады.