Кен казууну жеңилдетчү окуучулар. Өспүрүмдөр жасаган жабдуунун видеосу

Жаңы нерсени өздөштүргүсү келген өспүрүмдөр Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын сынагына катышып, эмгегин окумуштууларга сунушташкан.
Sputnik

Окуудан сырткары ойлоп табуучулук менен алектенген өспүрүмдөр Ош шаарындагы "Мээрим" балдар билим берүү борборунда тарбияланышат. Алар бургулоочу техниканын жаңы эки үлгүсүн иштеп чыгышкан. Мисалга, окуучулардын бир эмгеги жерди бургулап, ошол эле маалда казылган топуракты өзү алып чыгат.

Сынак катышуучулары Сыймык Абдрахманов менен Ярослав Челядниктин пикиринде, алардын ойлоп табуусу кенчилердин жумушун бир кыйла жеңилдетет.

"Буга чейин колдонулуп келе жаткан бургулоочу техникалар 2-3 метр бургулап, ошол жерден чыккан таш, топурактарды адам күчү менен тазалашат. Биздики болсо бир эле убакытта бургулап ошол эле маалда жерден чыккан топурактарды өзү алып чыгат. Анда бургулоочу жабдык оңго айланса, негизги валдагы калактар солго айланат", — деди Абдрахманов.

Жүз эсе оңой! Бишкектик студент кытай тилин үйрөнүүнүн жеңил жолун ойлоп тапты
Ошондой эле алардын экинчи эмгеги дагы кен казуу тармагына байланышкан. Ал жабдуу тигинен, туурасынан жана капталынан бургулай алат. Мындай иш-аракеттер ийилгич валдын жардамы менен ишке ашат.

Кенчилердин жумушун жеңилдеткиси келген окуучулар жабдууларын окумуштууларга сунуштап, жакынкы аралыкта патент алууну пландап жатышат.

Жемиштин 18 түрүн өзүнүн ширелүүлүгүнө, сортуна жана өзгөчөлүгүнө жараша кургата алган Владимир Шипиловдун ойлоп табуусунун видеосун көрүңүз.