Радио

Асангулова: изилдөөлөрдүн арты менен элечектин 13 түрү табылды

"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова ар аймактын өзүнүн элечеги болорун айтты
Sputnik
Асангулова: изилдөөлөрдүн арты менен элечектин 13 түрү табылды

Изилдөөлөрдүн арты менен элечектин 13 түрү табылды. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган элечектин түрлөрүн табууга айылда жашаган апалар жардам берген.

"Элечекти көбүрөөк адамдар оронсун деп аракет кылып жүрөбүз. Иштеп жаткан долбоорлорубуздун алкагында элечектин 13 түрү табылган. Учурда ошолорду кайра ороп, атайын видеого тарттык. Аталган видео үч тилде тартылды. Эми ошол видеолорду жайылтуу менен алекпиз", — деди Асангулова.

Ал элечекти ороо боюнча акысыз сабактар өтүлүп жатканын кошумчалады.