Каалоочулар үчүн элечекти ороону бекер үйрөтөбүз. Бул тууралуу Асел Кайнарбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, элечекти ороону үйрөнөм дегендерге эч кандай чектөө жок.
"Биз салттуу билимдерди изилдегенден кийин экинчи максатыбыз — аны жайылтуу, калктын калың катмарына жеткирүү. Ошондуктан салттуу билимдер боюнча атайын курс ачканбыз. Жакында Нооруз келет эмеспи, майрамда айымдарыбыз элечектүү болуп калсын деп "элечекти бекер ороо" акциясын да уюштуруп жатабыз. Учурда 10дон ашуун адам жазылды", — деди Кайнарбек кызы.
Ал элечекти ороонун 13 түрү боюнча сабак өтүлөрүн кошумчалады.