Апасы депкир менен сабаган бала өзүнө келбей ооруканада чарчап калды

Баланын сөөгү учурда өлүкканада. Ага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.
Sputnik

ОШ, 12-фев. — Sputnik. Ош шаарында апасы депкир менен сабаган 3 жаштагы бала комадан чыкпай, ооруканада 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында каза болду. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 9-февраль күнү баланын дем алуусу оорлоп, аппараттын жардамы менен дем алып жаткан.

"Буга чейин деле баланын жакындары андан кабар алган эмес. Учурда баланын сөөгү балдар ооруканасынын өлүк сактоочу жайына өткөрүп берилди. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Анын өлүмүнүн себептери экспертизанын жыйынтыгы менен гана белгилүү болот", — деди Камилов.

Ал ошондой эле бала аталган ооруканага 3-февраль күнү кечки саат 22:49дар чамасында өтө оор абалда келип түшкөндүгүн, ал мезгилде жүрөгүнүн согушу өтө начар болгондугун кошумчалады.

Санкт-Петербургда апасы өлтүрдү делген кыргызстандык баланын өлүү-тирүүсү белгисиз
"Шок абалында келген. Аппараттын жардамы менен жүрөгүнүн иштешин жандандырып алган элек. Баланын баш мээси чайкалган, акырек сөөктөрү жабыркаган. Колу-бутунда көк тактар бар эле. Эки бөйрөгү да эзилип калган. Баланын дем алуусу токтоп калып, аппараттын жардамы менен дем алып жаткан. Баш мээси да жакшы иштебей, комага түшкөнүнө сегиз саат болгон", — деди Камилов.

Эске сала кетсек, Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, ага карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шаардык соттун чемими менен шектүү 4-апрелге чейин камакка алынган.