Үч жылда Бишкекте жол кырсыгынан "Тазалыктын" 6 кызматкери каза болгон

Бишкек мэриясы бардык айдоочуларга жол эрежесин сактап, көчө шыпырган кызматкерлердин жарыкты чагылдыруучу жилеттерине көңүл бурууну суранат
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Акыркы үч жылда Бишкек шаарында жол кырсыгынан "Тазалык" ишканасынын алты кызматкери каза болгонун мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Таласта Nissan Cefiro менен Honda Stepwgn кагышып, бир айдоочу каза тапты
12-февралда эртең менен саат 7:30дар чамасында Абдрахманов менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин коюп кеткен. Жабырлануучу ооруканага баратканда үзүлгөн.

Кишини коюп кеткен айдоочу кармалып, укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө.

Мэриянын билдиришинче, маркумдун туугандарына материалдык жардам көрсөтүлөт.

Бишкек мэриясы бардык айдоочуларга жол эрежесин сактап, көчө шыпырган кызматкерлердин жарыкты чагылдыруучу жилеттерине көңүл бурууну суранат. Санитардык нормаларга ылайык, "Тазалыктын" кызматкерлери эртең менен эрте бордюрларды дагы тазалайт.