"Азия MIX" кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдеди. Видео

Оюн толугу менен өзбек телеканалдарында көрсөтүлдү. Ал эми үзүндүлөрүн интернеттен тапса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын "Азия MIX" командасы Өзбекстанда өткөн "Достук кубогуна" катышканын уюштуруучулардын Facebook тармагындагы расмий баракчасында айтылды. 

Оюн толугу менен өзбек телеканалдарында көрсөтүлдү. Ал эми үзүндүлөрүн интернеттен тапса болот.

Мелдеш Алишер Навои атындагы тасма сарайында 10-11-февраль күндөрү болду. Ага бишкектик командадан тышкары, жергиликтүү лигада 2016-жылы биринчи орунду алган "Лайк" жана былтыр Өзбекстандын чемпиону болгон "ИнтерДжин" командалары катышты.

Таймаш адатка айлангандай эле "Саламдашуу", "Музыкалык сынак" жана "Разминка" сынактары менен коштолду.

"Достук кубогу" — Өзбекстандын Жаштар бирикмеси жана КВН командалары ассоциациясы тарабынан негизделген шайырлар жана тапкычтар оюну. Анын уюштуруучулары бул жолугушуу өзбек-кыргыз мамилесин бекемдөөгө салым кошот деген ишенимде.

Оюндун жыйынтыгы менен бардык командалар кубокторго жана байгелерге ээ болушту.

Бул жаатта кызматташуу Өзбекстан менен гана эмес, Казакстан менен дагы өнүгүп келе жатат. Январь айында Бишкек менен Алматынын "Маб" деп аталган курама командасы Минскиде өтүүчү эл аралык КВН лигасына чакыруу алышкан. Алар үчүн жаңы сезон февралдын аягы марттын башы менен башталат.