БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Аргентинадагы Кордова провинциясына теннис тобундай болгон мөндүр тургундардын жүрөгүн түшүргөнүн Washington Post басылмасы жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, окуя өткөн жуманын аягында болгон. Теннистин тобундай болгон мөндүрдүн көлөмү бир маалда ого бетер чоңоюп, 20 сантиметрге жеткен.
"Мөндүр 20 мүнөт жаады. Аябай корктук", — деп күбө Виктория Друетта билдиргенин басылма жазды.
Айрым аймактарда чоң көлөмдөгү мөндүр үйлөрдүн терезелери менен чатырларын талкалап, унааларга залакасын тийгизген.
Ал эми америкалыктарды түтүк түрүндөгү кыпкызыл булут таң калтырды. Мындай булуттардын узундугу 1000 чакырымга чейин жетиши мүмкүн.