Бала менен энеге кандай медициналык жардам берилип жатат. Министрликтин жообу

Мекеме эне жана балдарга медициналык сапаттуу жардам көрсөтүү негизги максаттардын бири экендигин белгилейт
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Өлкө аймагындагы төрөт үйлөрдө кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшыртылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстанда перинаталдык жардамды жакшыртуу боюнча атайын программа ишке кирип, адистер Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелерине барып келишкен.

"Э нелерге жана ымыркайларга жакындан жардам көрсөтүү боюнча акушердик биринчи жардам боюнча ыкма иштелип чыкты. Эл аралык адистердин катышуусунда балдар дарыгери, реаниматолог жана медайымдарга оор абалдагы ымыркайларды көзөмөлгө алуу боюнча клиникалык-тажрыйбалык окутуулар уюштурулду", — деп билдирген маалымат кызматы.

Денесинен 16 ийне табылган ымыркай. Дарыгерлер баланын абалын айтып берди
"Ден соолук" улуттук программасынын алкагында Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй облустук төрөт үйлөрдө, Эне жана балдарды коргоо боюнча улуттук борборго  8 реанимобиль колдонууга берилген.

Ошондой эле 2018-жылы Бишкек, Ош шаарынын жана облустук төрөт үйлөрүнүн бөлүмдөрүн тиешелүү жабдуу менен камсыздоо иши уланат.

Андан сырткары, Бишкек шаарында перинаталдык борбор салынып жатат. маалымат кызматы инвесторлор андай медициналык мекемени Баткен, Жалал-Абад облустарына дагы куруу маселесин кароап жатканын кабарлады.