Аксыда каза болгон мугалимдер. Билим берүү министрлиги бир күндүк айлыгын берет

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берүүнү чечти
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жол кырсыгынан каза болгон мугалимдердин үй-бүлөлөрүнө бир күндүк маянасын бермей болду. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 10-февраль күнү саат 17.00дө Жалал-Абад облусундагы №52 мектептин төрт мугалимин унаа кагып кетип, экөө каза болгон.

"Маркумдардын жакындарына министр Гүлмира Кудайбердиева көңүл айтты. Ошондой эле Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берүүнү чечти", — деп айтылат билдирүүдө.

Кийин эки адамдын өлүмүнө себепчи болгон айдоочу Аксы РИИБинин кызматкери экени аныкталган. Облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков милиционер экспертизалардан өткөнүн, анын спирт ичимдигин ичпегени тастыкталганын билдирген.