Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Жууркан жамынган жигит акция өткөрүп, шаардыктарды "жылытты". Видео
Чүйдө 5…10 градус жылуу болсо, Таласта абанын температурасы 3…8 градуска чейин көтөрүлмөкчү. Ош менен Жалал-Абадда күндүн табы 6…11, Баткенде 5…10 градуска чукулдайт. Ысык-Көлдө 0…5 градус жылуу болсо, Нарындын суугу 4…9 градуска чамалап барат.

Бишкек менен Ош шаарларында 8…10 градус жылуу болору айтылды.

Баса, Кыргызгидромет кийинки аптада күн кандай болорун да айтты.