Радио

Камилов: депкир менен сабалган баланын мээси чайкалып, акырек сөөктөрү жабыркаган

Ош облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов учурда бала аппараттын жардамы менен дем алып жатканын айтты.
Sputnik
Камилов: депкир менен сабалган баланын мээси чайкалып, акырек сөөктөрү жабыркаган

Депкир менен сабалган баланын мээси чайкалып, акырек сөөгү жабыркаган. Бул тууралуу Абдразак Камилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 8-февраль күнү баланын дем алуусу кескин начарлап кеткен.

"Ошол себептен учурда бала аппараттын жардамы менен дем алууда. Апасы сабаган 3 жаштагы Бексултан Авазов биздин бөлүмгө 3-февраль күнү кечки саат 22:49дар чамасында өтө оор абалда келип түшкөн. Жүрөгүнүн согушу начар болчу, шок абалында келген. Аппараттын жардамы менен жүрөгүнүн иштешин жандандырып алдык. Баланын баш мээси чайкалган, акырек сөөктөрү жабыркаган. Колу-бутунда көк тактар бар эле. Эки бөйрөгү да эзилип калган. Дем алуусу токтоп калууда. Баш мээси да жакшы иштебей жатат. Комага түшкөнүнө алты күн болду", — деди Камилов.

Ал ошондой эле баланын баш мээсин калыбына келтирүү үчүн невропатолог адистер тартылгандыгын кошумчалады.