Аял жана эркек таксисттердин кимиси көбүрөөк акча табары анык болду

Иликтөөгө АКШдан 2 миллионго чукул таксисттер өз ыктыяры менен катышкан
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Эки миллион таксисттин ишин байкоого алган окумуштуулар бул жаатта иштеген аялдар менен эркектердин кимиси көбүрөөк акча табарын аныктап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости Чикаго университетинин окумуштууларына таянып кабарлады.

"Адатта айдоочу да, жүргүнчү да эгер коопсуз болсо көздөгөн жерине эртерээк жетип алууга ашыгат. Рулдагы эркектер аялдарга караганда 2,2 пайызга тезирээк жүргөндүктөн, алар күнүнө көбүрөөк иштешет", — деп айткан Чикаго университетинин экономисти Жон Лист.

Стэнфорд университетинин окумуштуулары жогорку маалыматты аныкташ үчүн изилдөө жүргүзүп баштаган.

Иликтөөгө АКШдан 2 миллионго чукул таксисттер өз ыктыяры менен катышкан.

Астананын акими аткаминерлерди кызматтык унаадан таксиге отургузмай болду
Анда эркектер кесиптеш аялдарга караганда акчаны 7 пайызга көп табары аныкталган. Ошентип жигиттер 18, ал эми кыз-келинде алардын азыраак 13 саат иштээри белгилүү болгон.

Дагы бир кызыктуу учур аял кишилер эс алуу күндөрү жана түн ичинде жумушка аз чыккан. Муну окумуштуулар алардын ичип алып, чатак салган жүргүнчүлөрдөн алыс болуу үчүн жасаган кадамы деп айтып беришкен. Айтмакчы, аялдарга караганда эркектердин тез айдап жана жол эрежелерин көп буза тургандыгы да аныкталган.

Такси кызматына байланыштуу ар кыл окуялар арбын кездешет. Жакында эле Мексикада үрөй учурган көрүнүш катталган. Баш кесерлер беш кишини жиликтеп таксиге таштап кетишкен.