Аксыда мугалимдердин өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы

Окуя 10-февраль күнү саат 17:00 чамасында Аксы районунун Кербен шаарында катталган
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 11-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында 10-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында эки мугалимдин өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы дайын болду.

Эскерте кетсек, 10-февраль күнү жыйындан кайтып келе жаткан жергиликтүү төрт окутуучуну жол боюнда турган маалында унаа сүзүп, экөө каза тапкан. Ал эми экөө райондук ооруканага жеткирилген. 

Облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубековдун Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып бергени боюнча адамдарды коюп кеткен унааны Аксы РИИБинин кызматкери айдап бара жаткан..

"Аксы РИИБинде иштеген милиция кызматкери өзүнүн менчик унаасы менен жумуштан кайтып келе жаткан. Кербен шаарындагы көчөлөрдүн бирине жеткенде унаа тайгаланып, жолдун четине сүрүлүп, төрт адамды коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен алган жараатынан улам эки аял окуя болгон жерде каза болгон. Дагы эки аял Аксы райондук аймактык ооруканасына жеткирилген", — деди Турдубеков.

Ал ошондой эле учурда тиешелүү экспертизалар дайындалгандыгын кошумчалады.

Былтыр күн сайын 67ден кылмыш кылынып турган. ИИМдин отчету
"Кырсыкка кабылган милиция кызматкери Аксы райондук ооруканасынын наркология бөлүмүнө жеткирилип, текшерүүгө алынды. Жыйынтыгында кырсык катталган кезде ал соо экени аныкталган", — деди Турдубеков.

Учурда кылмыш ишин козголо элек, ИИМдин Ички коопсуздук кызматы бул фактынын негизинде териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды. Кырсыкка кабылгандардан жана каза тапкандардын жакындарынан милицияга арыз түшө элек.