БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өзбекстандын автожолдору аркылуу бажы төлөмүсүз товар алып өтүүнүн суммасы 300 долларга көтөрүлдү. Бул туурасында КРдин Бажы кызматынан кабарлашты.
Өзбекстан президенти бажы төлөмүсүз алып өтүүчү төмөнкү эрежелерди атайын токтом менен бекитти.
эл аралык аэропорттор аркылуу бажы чек арасын кесип өткөндө — 2000 доллар;
темир жол жана суудан аркылуу өткөн көзөмөл жайлар менен каттаганда — 1000 доллар;
жөө же автожол менен бажы чек арасынан өткөндө — 300 доллар;
эл аралык почта кызматтары аркылуу жеке тараптарга бир календардык ай ичинде келгенде — 1000 доллар.
Кыргыз-өзбек мамилелери жандангандан тарта экономикалык кызматташуу да активдеше баштады. Буга чейин Өзбекстан аркылуу темир жол менен товар ташып келүү арзан боло баштаганы кабарланган.