Нооруздан баштап Ташкенттен Балыкчыга поезд жүрө баштайт

Жүргүнчүлөрдү жети купелүү, үч плацкарттуу жана бир ресторан вагону бар поезд ташыйт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өзбекстандан Ысык-Көл облусуна поезд жүрө баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Ташкент — Балыкчы — Ташкент каттамы жумасына бир жолу жүрөт. Алгачкы поезд 22-мартта Ташкент шаарынан чыгып, 23-мартта Балыкчыга келет. Кайра ошол эле поезд кийинки күнү Өзбекстандын борборуна жол тартат",  — деп кабарлашты маалымат кызматынан.

Анда Жүргүнчүлөрдү жети купелүү, үч плацкарттуу жана бир ресторан вагону бар поезд ташыйт.

Кыргызстандан дүйнөнүн кайсы шаарларына учакка менен түз жетүүгө болоорун инфографикадан окуңуздар