Муфтий Екатеринбург шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугат

Иш сапар Россиянын Муфтийлер кеңеши менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эки тараптуу кызматташуу боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев 16-17–февраль күндөрү Москва жана Екатеринбург шаарларына барып, Россиянын Муфтийлер кеңешинин жана аймактык дин башкармалыктардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Борбордук Азиядагы динге өтө берилген өлкөлөр аныкталды. Рейтинг
Иш сапар РФтин Муфтийлер кеңешинин пландык иш-чарасынын алкагында болуп, диаспоралар, коомдук-маданий алакалар менен мигранттардын жашоо-турмушу, чет жердеги мекендештердин ал-абалдары жана мыйзамдарды сактоо, ошондой эле экстермизм, террорчулуктун алдын алуу максатында уюштурулат.

Токтомушев 16-февраль күнү Екатеринбург шаарындагы "Верхняя Пышма" шаарчасындагы "Бухари" атындагы мечитте болуп, баяндама жасамакчы.

Кыргызстандагы дин аалымдары Абдышүкүр Нарматов, муфтий Токтомушев, Чубак Жалилов кайдан окуп келгендиги боюнча бул жерден маалымат алууга болот.