Исаков Дубайдын "акылдуу шаар" долбоору менен таанышты. Премьерди коштоп баргандар

Саммитке 150гө жакын мамлекеттен келген өкмөт мүчөлөрү менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү укук коргоо, саламаттык сактоо, инвестиция жаатында тажрыйба алмашат
Sputnik

ДУБАЙ, 10-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков жетектеген делегация өкмөттөр аралык дүйнөлүк алтынчы саммитке катышуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) келди.

Саммит 10-11-февраль күндөрү Дубай шаарында өтөт. Анын алкагында 150гө жакын мамлекеттен келген өкмөттөрдүн мүчөлөрү менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү укук коргоо, саламаттык сактоо, инвестиция жаатында дегеле мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүсүн инновациялык жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча тажрыйба алмашат.

Саммиттин алкагында өкмөт башчы бүгүн эки тараптуу бир нече жолугушууларды өткөрүүдө.

Кыргызстан Дубайда өтчү "ЭКСПО-2020" көргөзмөсүнө даярдыгын баштады
Алгач БАЭнин адам ресурстарын жана коомчулукту өнүктүрүү боюнча министри Хесса бинт Эсса Бухумейд менен жолукту.

Ошондой эле премьер Emaar Proporties инвестициялык компаниянын жетекчиси Мохамед Али Алаббар менен пикир алышты. Али Алаббар бизнестин өнүгүшү, ишканалардын жетишкендиги өкмөттүн күчтүүлүгүнөн көз каранды экенин баса белгилеп, Кыргызстанда өтө турган Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк оюндарына кызыгуусу жаралганын билдирди.

Учурда Дубай полициясынын башчысы Абдулла халиф Аль Марри калаадагы "Акылдуу шаардын" артыкчылыктарын делегация мүчөлөрүнө тааныштырууда.

Кыргызстандан келген делегациянын курамында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин жетекчиси Эсенкул Момункулов, Мамлекеттик маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, ошондой эле Кыргызстандын БАЭдеги ыйгарым укуктуу элчиси Чыңгыз Эшимбеков бар.