Дубайдын банкирлери КРге инвестиция салуу мүмкүндүгүн карап чыгууга даяр

Премьер-министр Сапар Исаков Abu-Dhabi Islamic Bank банкынын башкы директору менен жолукту
Sputnik

ДУБАЙ, 10-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Дубай шаарындагы (БАЭ) өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Abu-Dhabi Islamic Bank банкынын башкы директору Хамис Бу Харун менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар кызматташуу жолдорун талкуулаган.

Исаков өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн 10-январда учуп кеткен.

"Өкмөт башчы Сапар Исаков талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлордун ишин жөнгө салган мыйзамдары тууралуу айтып берди. Банктын директору Хамис Бу Харун эки өлкө ортосунунда эки тараптык мамилелердин өнүгүшүндө жагымдуу динамика байкалып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле, ал эки өлкөнүн ортосундагы товар айлануусун жакшыртуу үчүн банк өз салымын кошууга даяр экенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары Исаков менен Бу Харун айыл чарбага, туризм жана кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу жагын талкуулашкан. 

Кыргызстан Дубайда өтчү "ЭКСПО-2020" көргөзмөсүнө даярдыгын баштады
Ошондой эле тараптар КР Улуттук банкы жана Abu-Dhabi Islamic Bank ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. 

Премьер-министр Банктын өкүлдөрүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө үчүн Кыргызстанга чакырды. Банктын башкы директору Кыргызстанга инвестициялоонун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстанга келип кетүүгө жана абалды изилдеп, ага катар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү компаниялар жана кызыктар тараптар үчүн санариптик тажрыйба боюнча кеңештерди берүүгө даяр экенин билдирген.

Исаковду Дубайга коштоп баргандардын тизмеси.