Жогорку Кеңеште 2 млн. сом жоголду. УКМК аппараттын бөлүм башчысын кармады

Башкы прокуратура чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси жана 350-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин маалымат кызматы билдирди.

УКМК 18 млн. сомдон ашык пара берип жаткан жеринен чет элдиктерди кармады
Жогорку Кеңештин аппараты УКМКга парламенттин бюджетинен 2 миллион сомдон ашык каражатты өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча кайрылгандан кийин териштирүү жүргүзгөн. Башкы прокуратура чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү коротуу же өзүнө ыйгарып алуу") жана 350-беренеси ("Документтерди, мамлекеттик наамдарды, штамптарды, мөөрлөрлдү жана бланкаларды жасалмалоо") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Шектүү катары Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы А.З. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.