БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Аземдин расмий бөлүгү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө (Бишкек убактысы менен 17.00) башталды. Олимпиада өтчү стадионго Кыргызстан командасынын капитаны, биатлончу Тариэл Жаркымбаев өлкөнүн желегин көтөрүп чыкты. Анын артынан тоо лыжачы Евгений Тимофеев, эки машыктыруучу жана Улуттук олимпиада комитетинин эки кызматкери коштоп басты.
Кыргызстандык делегациянын башына кийген ак калпагы социалдык тармактын көңүлүн бурду.
"Кыргызстандыктардын баш кийими сонун экен", — деп жазган @SheonaG деп катталган колдонуучу.
"Олимпиадада эң эле саркеч баш кийим Кыргызстандын курама командасыныкы", — деп баа берген финляндиялык көрүүчү.
"Олимпиадада Кыргызстан жөнүндө эмнени биле алдым? Алардын баш кийими көрктүү экен", — деп жазат Temple Connolly.
"Кыргызстан баш кийим көргөзмөсү жагынан баарынан ашып кетти окшойт", — деп белгиледи америкалык Кейт Картер.
"Кыргызстандан келген спортчулардын топусу укмуш го", — деп жазат сиднейлик колдонуучу.
"Кыргызстан — ак илбирстер өлкөсү", — деп жазган британиялык Джо Крука.
Кыргызстандык спортчулар кайсы күндөрү күч сынаша турганынын расписаниеси.