Биздеги маршруттук унаалар эл ташыганга ылайыкташкан эмес. Бул тууралуу Рахат Сабырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, маршруткалар өзүнүн убагын жашап бүттү.
"1990-жылдары бюджетте акча жок болгондуктан кризиске байланыштуу маршруткалар элге керек болчу. Эми андан бери 20 жыл өттү. Маршруткалар өзүнүн убагын жашап бүттү. Экологияга да жаман, көп кырсыктарга кабылышат. Негизи биздеги маршруттук унаалар эл ташыганга ылайыкташкан эмес. Европадан жүк ташыган унааларды алып келип, отургучтарды орнотуп эле эл ташып жатат. Коопсуздукту сактаган курлары да жок", — деди эксперт.
Ал коомдук транспорт оңолсо калаадагы жеке унаалар азаярын кошумчалады.