Чоң спортко кадамын 1970-жылдары баштап, 20 жолу рекорд жаратып, бийиктиктерди багындырган кыргыз кызы Мария тууралуу кызыктуу 7 фактыны спорттук баяндамачы Кабыл Макешов айтып берет.
1. Жолчунун кызы. Мария 1958-жылы 9-февралда Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жолчунун үй-бүлөсүндө туулган. Сегиз бир туугандын бешинчиси. Атасы Жумабай, атбашылык, черик уруусунан. Чоң аталары кулакка тартылып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Кийин Кыргызстандын Ивановка айлына көчүп келишкен.
2. Спортко карай жол. Мария Бишкектеги Надежда Крупская атындагы спорттук мектеп-интернатта (азыркы Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы — ред.) билим алып, тагдырын спортто сынап, бак-таалайын да, урмат-сыйды да спорттон тапкан. 16 жашында СССРдин тандалма командасынын мүчөсү болгон. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясын бүткөн. СССРдин алты жана СССР элдеринин спартакиадаларында беш жолку чемпиону болгон. Устаты — Кыргызстанга, Украинага жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Вячеслав Зелинский.
4. Насаатчылык. Сеул Олимпиадасындагы жеңишинен кийин Мария чоң спорттон кетип, "Спартак" спорт коомунда машыктыруучу болуп жүрдү. Жаштарга насаатчы болуп, бай тажрыйбасын бөлүштү. Учурда Якутск шаарында жашайт. Жеңил атлетика боюнча Якутиянын башкы машыктыруучусу жана Якутиянын жеңил атлетика федерациясынын вице-президенти.
5. Жеке турмушу. Өмүрлүк жары 64 жаштагы Павел Пинигин да СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын чемпиону. Эркин күрөш боюнча Саха Республикасынын улук машыктыруучусу, "Динамо" спорт коомунун жетекчиси болуп иштейт. Ошондой эле күрөштөн дүйнө, Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында Кыргызстандын эл аралык калысы да болгон. Мария күйөөсүнүн фамилиясын алып, экөө Павел, Темир жана Шамил деген үч уулдуу болушкан. Эки уулу Москва шаарында, ал эми Темири АКШда билим алып, иштеп жүрөт.
6. 20 ирет жаңыланган рекорд. Мариянын рекорддору: 200 метрге — 23.08 секунд, 400 метрге — 49.19 секунд болгон.
Бүгүн Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиаданын ачылыш салтанаты өтөт. 25-февралга чейин улана турган оюндарга Кыргызстандын атынан эки спортчу катышмакчы.