БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында башталган XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш салтанатынын парадынан Кырызстандын делегациясы өттү.
Кыргызстандын желегин биатлончу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыкты. Өлкө намысын тоо лыжачы Евгений Тимофеев экөө коргойт.
КР делегациясы алты кишиден — эки спортчу, эки машыгуучу жана Улуттук олимпиада комитетинин эки өкүлүнөн турат. Кыргызстандыктар башына ак калпак жана кызыл күрмө кийип чыгышты.
9-февралда башталган оюндар 25-февралга чейин уланат.
Олимпиадага 95 мамлекеттен 2900 спортчу катышып, күч сынашат.
Кыргызстандык спортчулар кайсы күндөрү күч сынаша турганынын расписаниеси.