БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорация (КТРК) көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган Олимпиада оюндарын көрсөтмөй болду. Бул тууралуу телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
Бир аз мурда Карыпбеков Sputnik агенттигинин кабарчысына Олимпиада-2018ди лицензиянын жоктугунан улам КТРК көрсөтпөй турганын айткан.
Ал билдиргендей, лицензия сатуучу компания 100 миң доллар сураган болчу.
"Узак убакыт бою талашып-тартышып отуруп, акыры кышкы Олимпиада оюндарын көрсөтүү лизенциясына ээ болдук. Биз менен болгонуңар үчүн ыраазыбыз! Бүгүн КТРК жана КТРК Спорт каналдарынан иш-чаранын ачылыш аземин көрүңүздөр", — деп жазды Карыпбеков.
Эске салсак, дүйнөлүк иш-чарада Кыргызстандын желегин биатлончу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыгат. Ал 2017-жылы Астана шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиадада дагы өлкөнүн желегин алып чыккан болчу.