БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө, Талас менен Ысык-Көлдө күн 2 градус сууктан, 3 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 3…8 градус нөлдөн жогору болот. Нарын аймагында сууктун күчү сакталып —9…-14 градуска чейин жетет.
Борбор калаада күн ачык болуп 0…2 градус суук болсо, Ошто 5…7 градус жылуу болору божомолдонууда.