Дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

Ишемби жана жекшемби күндөрү кар жаабайт
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Өлкө аймагында 10-11-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Кар көрөбүзбү? Февраль айына карата аба ырайы
Ишемби күнү абанын температурасы Чүй менен Талас облусунда 1…6 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 4…9 градус болуп жылыйт. Ал эми Ысык-Көлдө күн нөлдөн 5 градуска чейин жылуу болсо, Нарын аймагында адаттагыдай эле суук болуп, күчү 2…7 градуска жетет.

Аймактардагы аба ырайы жекшемби күнү бир аз жылыйт. Мисалы, Чүй менен Талас облусунда 2…7 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 5…10 градус нөлдөн жогору болот. Ысык-Көлдө күн 1…6 градуска чейин жылуу болсо, Нарында дагы деле суугураак, нөлдөн 1…6 градус төмөн болору айтылды.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, ишембиде 4…6, жекшембиде 5…7 градус, Ошто алтынчы күнү 5…7, эртеси 7…9 градус жылуу болору кабарланды.