Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

8-февралда Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттерин бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салган болчу
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу жана тынч экенин Чек ара кызматынан билдиришти.

"Чек арадагы бардык беш көзөмөл өткөрүү пункту кадимки тартипте иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасында жаралган кырдаал. Күбөнүн видеосу
Чек ара кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик менен бирге Лейлек районунун тургунударына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 8-февралда, Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттерин бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салган болчу. Ошол эле күнү кечинде чек арадагы абал жөнгө салынып, чектөөлөр алынган.