Жууркан жамынган жигит акция өткөрүп, шаардыктарды "жылытты". Видео

Кызыл-тазыл болгон жуурканды жамынган бала суукта турган элди кучактап жатты
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкекте жууркан жамынган бала шаардыктарды кучактап, аларды жылытууга аракет кылды. Адаттын тыш акциянын видеосу OMKS аттуу колдонуучунун Instagram баракчасына жарыяланды.

Видеодо жуурканды жамынган жигит көчөдө кетип бараткандарды кучактаганы көрүнүп турат.

Январь айынын аягында Бишкек шаарынынын түндүк аймагында 30 градуска жеткен суук болгон. Бул суук күндөрү коммуналдык кызматтын өкүлдөрүнө шаар тургундары таң эрте чай-кофе тараткан болчу.