Радио

Исаков: бажы кызматында дагы бир топ нерселер ачылат

Өкмөт башчы Сапар Исаков коррупция каршы катаал аракеттер көрүлөрүн айтты
Sputnik
Исаков: бажы кызматында дагы бир топ нерселер ачылат

Бажы кызматында дагы бир топ булактар ачылат. Бул тууралуу Сапар Исаков Коопсуздук кеңешинин жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов өкмөт башчысынын кабыл алуусунда болуп, Ош бажысынан он эсе көп акча чогула баштаганын айткан. 

"Бажы кызматында да реформалар башталды. Мына биринчи цифралар көрсөтүлүп жатат. Буюрса биз ушуну менен токтобой, алдыга кетебиз. Бажы кызматында дагы бир топ булактар ачылат деген ишенич бар", — деди Исаков.

Ал башка органдарда дагы коррупция менен күрөш катуу жүрө турганын кошумчалады.