АКШнын асманы кызыл булутка чулганды. Видео

АКШнын Виргиния штатынын тургундары жаратылыштын өзгөчө кубулушуна күбө болушту
Sputnik

Видеонун алдына жазылган түшүндүрмөсүнө ылайык, окуя Ричмонд шаарында 5-февралда болгон

"Ишке барайын деп жатканда асмандагы өзгөчө кубулушту көрдүм. Түтүк түрүндөгү булут күндүн нуруна чагылып, түсүн өзгөртүп жатты. Буга аябай таң калдым", — деп видеонун автору жазган.

Мындай кубулуш илимде түрмөктөлгөн булут деп аталат. Алар асманда жерден 100 метрден 2000 метр бийиктикке чейин пайда болуп, узундугу миң чакырымга чейин жетиши мүмкүн.