"Ак-Босого" конушунда чыккан өрттө калган киши ооруканага жеткирилди

47 жаштагы киши денесинен II, III даражадагы күйүк алган жана түтүнгө ууланган
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Борбор калаанын чет жакасында жайгашкан "Ак-Босого" жаңы конушунда курулуш чарбанын чатыры өрттөнүп, күйүк алган адам ооруканага жеткирилген. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык кечээ, 8-февралда, болгон.

"Окуя болгон жерде 47 жаштагы киши денесинен II, III даражадагы күйүк алган жана түтүнгө ууланган. Аны Тез жардам Бишкек шаарындагы Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирди", — деп айтылат маалыматта.

Мындан бир нече күн мурда Сокулук районунун Романовка айылында турак үйдүн меши жарылып, Жанболот кызы Анара аттуу тургун денесинен 65 пайыз күйүк алып ооруканага түшкөн.

Республикалык күйүк борборунун алынган репортаж баяндан күйүккө кабылгандардын тагдыры, дарыгерлердин иши туурасында тааныша аласыз.