БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Күн Чүй, Ысык-Көл жана Талас өрөөнүндө —2 градус сууктан, +3 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 1…6 градус жылуу болсо, Нарын аймагында —3…-8 градус суук болушу күтүлүүдө.
Бишкек шаары менен Ошто күн ачык болуп 1…4 градуска чейин жылуу болот.