Сахара чөлүндө эки жолу кар жаап таң калтырды

Жергиликтүү TSA басылмасынын жазышынча кар аталган аймакка акыркы 30 жылдан бери жаай элек болчу
Sputnik

Сахара чөлүнө экинчи жолу кар жааганын Daily Express басылмасы билдирди.

Кар Алжирдин түндүк-батышындагы Айн-Сефра шаарына жааган. Дал ушул аймакка буга чейин да кар түшкөн болчу.

​Жергиликтүү TSA басылмасынын жазышынча кар аталган аймакка акыркы 30 жылдан бери жаай элек болчу.

Жайдын толуп турган маалында Айн-Сефра аймагында күндүн табы 37 градуска чейин жетип, кышында нөлгө жакындайт.

Сахара чөлүнүн башка бөлүктөрүнө да буга чейин кар жааган.