Министр Новиков өлкө Өзбекстанга эмне сатууга кызыкдар экенин айтты

Бишкекке Өзбекстандын тышкы соода министри башында турган делегация келди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Экономика министри Артем Новиков Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев менен жолугушуу учурунда Кыргызстан коңшу өлкөгө эмне товар экспорттоого кызыкдар экенин санап өттү.

8-февраль күнү Бишкекке Ходжаев башында турган өзбекстандык делегация келди.

Новиков Кыргызстандын ишканалары эт, сүт азыктары, картошка, жер-жемиш, кургатылган жемиш жана төө буурчак сыяктуу табигый таза айыл чарба продукциясын сатууга даяр экенин айтты.

"Былтыр өлкө аймагында 395 миң тонна эт өндүрүлүп, 1 миллион тоннадан ашуун жашылча, 103 миң тонна төө буурчак жана 1,4 миллион тонна картошка өстүрүлгөн", — деди министр.

Новиков, мындан тышкары, кыргызстандык ишканалар айына 20 тоннага чейин көмүр, кум ташууга да ынтызар экенине токтолуп, Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди алуу планда бар экенин кошумчалады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек ортосундагы ишенимди бекемдеген мыйзамга кол койгон.