Тажикстан кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жаап, көзөмөлүн күчөттү

"Кулунду" эл аралык өткөрүү бекети болгондуктан киргизилген чектөөлөр үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Тажикстан 8-февраль күнү кыргыз-тажик чек арасын убактылуу жапканын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттеринен адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды.

"Кулунду" эл аралык өткөрүү бекети болгондуктан киргизилген чектөөлөр үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок.

Бүгүн, 8-февралда, тажик чек арачылары Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Сай аймагындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап чек арачылардын саны көбөйтүлдү.

Москва Кыргызстандагы аскер базасын күчтөндүрдү. Себебин Россия ТИМи түшүндүрдү
"Лейлек районуна караштуу эл жыш жайгашкан Сада конушуна Сада каналы (Гуляндоз) аркылуу мектеп окуучулары үчүн көпүрө курулгандан кийин ал аймактагы өткөрүү бекеттеринин иши токтотулду. Көпүрө курулганга чейин окуучулар ири аралыкты басып өтүүгө аргасыз болуп жатышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажик чек арачылары мектеп окуучуларынын сабакка барып-келишинде кыйынчылыктарды жаратып келген", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары кырдаалды жөнгө салуу үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал 8-февралдын саат 16.00үнө карата туруктуу.