Кыргыз-тажик чек арасында жаралган кырдаал. Күбөнүн видеосу

Тажик чек арачылары Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Сай аймагындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап чек арачылардын саны көбөйтүлдү.
Sputnik

Бейшемби күнү, 8-февралда Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салган.

Кыргыз-тажик чек арасында учурда эмне болуп жатат. Тексттик трансляция
Билдирмеге караганда, Лейлек районуна караштуу Сай калктуу конушуна Сада каналы (Гуляндоз) аркылуу мектеп окуучулары үчүн көпүрө курулгандан кийин ал аймактагы өткөрүү бекеттеринин иши токтотулган. Көпүрө курулганга чейин окуучулар ири аралыкты басып өтүүгө аргасыз болуп келген.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун өкүлдөрү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Саат 16.00гө карата маалымат боюнча чек арадагы кырдаал туруктуу. Тажикстан менен болгон дагы үч өткөрүү бекети штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасында учурда эмне болуп жатканы тууралуу толук маалыматты тексттик трансляциядан таба алсыз.