Кара-Балтада турак үйдүн полу өрттөнүп, эки адам каза тапты

Өрткө жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзлүшү себеп болгону айтылууда
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында турак үйдүн полу өрттөнүп, эки киши көз жумганын ӨКМ кабарлады.

Эки саатта 250 соодагердин маңдай тери күл болду. Базардагы өрткө ким жооп берет?
Маалыматка ылайык, тамдын алты чарчы метр полу күйгөн. Анын кесепетинен 41 жаштагы эркек киши менен 67 жаштагы аял каза тапкан. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар набыт кеткендердин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Өрткө жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзлүшү себеп болгону айтылууда.

Буга чейин турак жайды туура жылытуу боюнча адистерден кеп-кеңеш алганбыз.