УКМК экстремисттик иш-аракети үчүн издөөдө жүргөн чет элдикти кармады

Кармалган чет элдик жаран КМШ өлкөлөрүнүн биринде жасаган экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүргөн
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстанга кирип келе жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Эл аралык террордук топко мүчө болгон коңшу өлкөнүн жарандары кармалды
Маалыматка караганда 40 жаштагы Б.Д. аттуу чет элдик жаран 2-февралда чек арадан колго түшүрүлгөн.

Кармалган кишинин эмиссарлардын буйругу менен куралдуу жихад уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында КМШ өлкөлөрүнүн биринин аймагында деструктивдик-саясий жана террордук топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталды.

Азыркы учурда дагы ыкчам-издөө иш-аракеттери уланып жатат.

Буга чейин да УКМК кызматкерлери Сирия жана Ирактын аймагында согушкерлердин курамында болуп келген КМШ өлкөлөрүнүн үч жаранын колго түшүргөн.