Бишкекте 11 жыл мурун жоголуп кеткен кыз табылды

Дайынсыз кеткен кыз ал кезде 17 жашта болчу
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Милиция кызматкерлери 11 жыл мурун дайынсыз жоголуп кеткен Жамиля Нияз кызын Бишкектен тапканын ШИИБ билдирди. 

Пропавшая в 2007 году Жамиля Нияз кызы

Кыз 2007-жылдын июль айында 11-кичирайонундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча табылбай жаткан. Ал учурда Жамиля 17 жашта болчу. Кыздын туугандары милицияга 2017-жылы гана арыз жазып кайрылган.

Маалыматта издөө иш-аракеттерин Октябрь райондук милициясы жүргүзгөнү, кызды учурда туугандары алып кеткени айтылат.