БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалык жолун курууда долбоордун курамына кирип калган жергиликтүү тургундарга мүлкү үчүн кенемте төлөп берилет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай учур Жалал-Абад жана Нарын облустарынын аймактарында катталат
"59 миллион 416 миң сом жерлерди трансформациялоо жана жергиликтүү тургундарга компенсация төлөп берүү үчүн бөлүнгөн. Жол курула турган аймакка тургундардын мүлкү жана жерлери туура келсе тийиштүү каражат ала алышат", — деп айтылат маалыматта.
Узундугу 433 чакырымды түзгөн альтернативдүү Түндүк — Түштүк жолу Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт. Анын болжолдуу баасы 850 миллион доллар деп бааланууда.
Бул жол кайсы тоолорду аралап өтүп курулуп жатканы кызыкпы? Бизде курулуш иштеринен тартылган сүрөт түрмөгү бар.