БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Улуу Британияда беш буттуу козу туулганын The Northern Echo басылмасы билдирди.
Адаттан тыш жаныбар өлкөнүн түндүгүндөгү фермалардын биринде туулган. Анын ээси бул козунун жашап кетерине көзү жетпей ага Hope ("Үмүт") деген ат коюп койгон.
Козунун алдыңкы үч буту тең иштейт. Малдын ээси ал кадимки козулардай эле ары-бери секирип, ашыкча буту жолтоо болбой турганын айткан.
Басылманын белгилешинче мал башында союу үчүн багылып жаткан, бирок эки жумадан кийин ээси союудан баш тарткан.